Астанада Нооруз майрамына карата улуттук баалуулуктар
даңазаланып, 18 миң бала казактын чүкө оюнун ойношту. Маданий-спорттук
иш-чарада жасалма интеллекттин элементтери колдонулган. 3000 окуучу атайын
флешмоб бийлеп, «Алшы» чүкөсүнүн формасын жана «Алтын сака» сөзүн чагылдырды. Шаардын
мектептеринде жана бала бакчаларында 15 миңден ашык бала чүкө атуу боюнча күч
сынашты. Маданий-спорттук иш-чаранын негизги максаты – улуттук чүкө атуу оюнунун
балдардын өнүгүүсүнө оң таасирин жайылтуу, тарбиялык маанисин түшүндүрүү, жаш
муундардын спорттун улуттук түрүнө болгон кызыгуусун арттыруу.
Гинаят Сыздыков, Астана шаарынын акимчилигинин, «Өркен» балдар
жана өспүрүмдөр дене тарбиясы борборунун мүдүрү:
– Бүгүнкү алып баруучу - жасалма интеллект. Жасалма
интеллекттин күчү менен иш-чара кандай болушу керек, уюштуруу иштери кандай
жүрүшү керек экендигин көрдүңүздөр. Бул
жерде катышкан 3000 бала бир эле учурда экран аркылуу, онлайн аркылуу кошулуп, башка
мектептер да дал ошол учурда чүкө ойноп жатышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

