Чет элдик серепчилердин белгилешинче, жаңы Конституцияны
республикалык референдум аркылуу кабыл алуу Казакстандын туруктуу,
демократиялык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт. Мындай формат жарандарга
өлкөнүн өнүгүү принциптерин аныктоого түздөн-түз катышууга мүмкүндүк берет жана
бийлик менен коомдун ортосундагы диалогду бекемдейт. Өзбекстандык саясат
таануучу Равшан Назаровдун айтымында, референдум мамлекет менен коомдун
ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы принциптерин бекитип, коомдук келишимди
жаңыртуу механизми болуп саналат.
Равшан Назаров, саясат таануучу, Өзбекстан:
– Референдум – бул түз демократиянын институту. Башкача айтканда, өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдө, мисалы, Швейцарияда, референдумдар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат, кээде бир эле эмес, 3-4 референдум өткөрүлөт. Казакстандын тарыхындагы бешинчи референдум бул курал, башкача айтканда, референдум Казакстан Республикасынын заманбап демократиялык мамлекет катары саясий механизминин маанилүү бөлүгү болуп калганын көрсөтүп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

