Казакстандын президенти «Казатомөнөржай» башкармалыгынын төрагасын кабыл алды. Мейиржан Юсупов Касым-Жомарт Токаевге компаниянын өткөн жылкы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы мезгилге карата пландары жөнүндө баяндады. Өткөн жылы холдинг 26 миң тоннага жакын уран өндүргөн. Соода-сатык көлөмү 11% өсүп, 18,5 миң тонна болду. Компания жаңы өткөрүү базарларына катышууну кеңейтип келет. Өткөн жылы швейцариялык жана жапон компаниялары менен уран жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү. Учурда Индияга табигый уран концентраттарын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүү боюнча иштер уланууда. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы ресурстук базаны андан ары өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана социалдык демилгелерди ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Меиржан Юсупов, «Казатомөнөржай» УАК» АК башкармалыгынын төрагасы:
- Уранга болгон суроо-талаптын туруктуу өсүшү болжолдонууда. Буга байланыштуу чийки зат базасын кеңейтүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Жалпы аянты 1 миң чарчы чакырымдан ашкан алты участокто иштер аткарылууда. Мындан тышкары, ишке ашырылып жаткан социалдык долбоорлор, сейрек металлдар багыты боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана илимий изилдөө ишмердүүлүгү тууралуу баяндадым. Геосаясий туруксуздук шартында компания өзүнүн бардык милдеттемелерин аткарып, келишим тараптарынын талаптарына толук шайкеш келүү менен бүткүл дүйнө боюнча уранды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

