Казакстанда дата-борборлор аянтчасы түзүлөт

Казакстанда дата-борборлор аянтчасы түзүлөт

Казакстанда «Маалыматтарды иштетүү борборлорунун аянтчасы» экосистемасы түзүлөт. Ал Экибастуз энергетикалык түйүнүнүн негизинде курулат. Премьер-министр объекттин стратегиялык маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду тез арада ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды жана инфраструктураны камсыз кылууну тапшырды. Анда эсептөө инфраструктурасы, «булуттуу» кызмат көрсөтүүлөр жана жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрү жайгаштырылат. Долбоордун алкагында узундугу 15 чакырым электр өткөрүү линияларын, ошондой эле кубаттуулугу 300 МВттык жана келечекте 1 ГВтка чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар кошумча станцияларды куруу каралган. Долбоорго болжолдонуп жаткан инвестициянын көлөмү 30 млрд долларды түзөт. Бүгүнкү күндө ири эл аралык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.


Гиззат Байтурсынов, Санарип активдер жана алдыңкы технологиялар комитетинин төрагасы:


- Бул долбоордун оператору «Казактелеком» улуттук компаниясы болот деп пландалууда. «Казактелеком» Павлодар облусунун акимчилиги менен биргеликте бул аймак үчүн бардык керектүү инфраструктураны жүргүзөт. Бүгүнкү күндө 200 гектар аянт бөлүндү, аны 1300 гектарга чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул долбоордун алкагында биз Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун кызматы менен алектенген ири эл аралык компаниянын биздин рынокко киришин пландап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков