Казак күүлөрү эми санарип форматта
жеткиликтүү. Тараз шаарындагы мектептердин биринин окуучулары «Сарын» аттуу
уникалдуу веб-хостинг жана тиркеме иштеп чыгышты. Анда жаш иштеп чыгуучулар
музыкалык чыгармаларды тутумдаштырып, аларды бирдиктүү жыйнак түрүндө
тартуулашты. Окуучулардын айтымында, алар өз долбоорунда улуттук
каада-салттарды заманбап санариптик технологиялар менен айкалыштырууну
көздөшкөн. Бул демилге маданий мурасты сактоого жана окуучулардын чыгармачылык
дараметин арттырууга багытталган.
Инкар Оразакынова, «Жаш
илимпоздор» кулубунун мүчөсү:
– Долбоорду түзүүдөгү негизги максатым — азыркы жаштардын күүгө болгон ышкысын арттыруу жана тарыхыбызды терең үйрөнүүгө кызыктыруу. Менимче, бул долбоор күү үйрөнүп, домбурада ойноп, ырдагандардын баары үчүн алмаштыргыс мүмкүнчүлүк болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

