2025-жылдын жыйынтыгы боюнча соода тармагына тартылган инвестициянын көлөмү 1 триллион теңгеден ашты

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча соода тармагына тартылган инвестициянын көлөмү 1 триллион теңгеден ашты

Өткөн жылы соода тармагына 1,2 триллион теңге инвестиция салынган. Ал эми товар жүгүртүү дээрлик 9%га өсүп, 80 триллиондон ашты. Соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев Казакстандын Президентине тармактын абалы жана келечеги тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча соода тармагы ички дүң продукциянын болжол менен 19%ын түздү. Өлкөдө электрондук соода активдүү өнүгүүдө — анын көлөмү өткөн жылы 4 триллион теңгеге жакындап, чекене товар жүгүртүүнүн 15%ын түздү. Мындан тышкары, 10 логистикалык борбордон турган тармак түзүлдү. Мамлекет башчысына ЕАЭБ алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Биримдик түзүлгөндөн бери 70 соода тоскоолдугунун 69у жоюлду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстандын позициясы, анын ичинде ата мекендик ишканалар үчүн демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн айрым товарларды алып келүүгө квота берүү маселеси эске алынды. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев заманбап соода экосистемасын түзүү, ата мекендик өндүрүштү колдоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана өлкөнүн экспорттук дараметин чыңдоо боюнча бир катар милдеттерди койду.

Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:


– Тиешелүү мекеме өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого өзгөчө көңүл бурууда. Дүйнөлүк экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, чийки эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун көлөмү 41 миллиард долларга жетти. Экспортчуларга каржылык колдоо кыйла кеңейтилди. Атап айтканда, камсыздандыруу сыйымдуулугу 1,2 триллион теңгеге чейин көбөйтүлдү, ал эми колдоо чараларынын жалпы көлөмү эки эсеге өстү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков