ЮНЕСКО түркмөн алабайын багуу өнөрүн адамзаттын
материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизди. Мындай чечим Нью-Делиде өткөн
Өкмөттөр аралык комитеттин 20-сессиясында кабыл алынды. Анын урматына Түркмөнстандын борбору
Ашхабадда салтанаттуу кече
уюштурулуп, ага асыл тукумдуу иттер да катышты. Мамлекеттик цирктин алабайлары
көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн көрсөттү. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында жыл сайын
өтүүчү «Жылдын алдыңкы түркмөн алабайы» эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Аманмурат Атаев, Түркмөн мамлекеттик айыл чарба университетинин улук
окутуучусу:
- Бул өтө кубанычтуу жаңылык. Биздин улуттук байлыгыбыз,
ата-бабаларыбыздан калган мурасыбыз – түркмөн алабайларын өстүрүү өнөрү ЮНЕСКОнун
адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирди. Түркмөн
алабайлары миңдеген жылдар бою түркмөн элинин ажырагыс бөлүгү болуп келгенин
өзгөчө белгилей кетүү керек. Алар ээсине берилгендиги, тайманбастыгы жана күчү
менен айырмаланып турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

