Өкмөттүн жыйынында Казакстандын жаңы Конституциясынын нормаларын ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды. Минкабтын маалыматы боюнча, Баш мыйзам өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык өнүгүүсүн аныктайт жана системалуу өзгөрүүлөрдүн негизин түзөт. Реформалардын алкагында өлкөдө 5 жаңы конституциялык мыйзам кабыл алынып, 8 иштеп жаткан конституциялык мыйзам жаңыртылат, ошондой эле кодекстерди кошкондо 60тан ашык ченемдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилет. Өзгөртүүлөрдүн негизги максаты - адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону күчөтүү.
Олжас Бектенов,
Казакстан Премьер-Министри:
– Мамлекет
башчысынын тапшырмасына ылайык, Өкмөт парламент менен биргеликте ыкчам тартипте
бир катар мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы актыларды жаңы Конституцияга ылайык
келтириши керек. Конституцияны жайылтуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп
чыгып, бекитүү зарыл, ал анын массалык түрдө басылышын, жалпыга жеткиликтүү
электрондук платформаларга жайгаштырылышын болжолдойт. Ошондой эле өлкөнүн жаңы
Баш мыйзамы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү зарыл.
Жаңы Конституция
саясий туруктуулукту бекемдөөгө жана экономика менен коомду модернизациялоо
үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган. Артыкчылыктуу багыттардын
катарында адамдык капиталды, илимди жана маданиятты, санариптик чөйрөнү жана
экологиялык коопсуздукту өнүктүрүү бар.
Олжас Бектенов,
Казакстан Премьер-Министри:
– Бардык
казакстандыктарды тарыхый окуя – жалпы элдик референдумда жаңы Конституциянын
кабыл алынышы менен куттуктайм! Бул Казакстандын тарыхындагы тагдыр чечүүчү
учур. Мамлекет башчысынын жетекчилиги астында жана коомдун активдүү колдоосу
менен өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан ар тараптуу трансформация Казакстанды ар
кандай чакырыктарга туруктуу кылат. Биз Касым-Жомарт Токаевдин лидерлигинин
жана кабыл алынган Конституциянын прогрессивдүүлүгүнүн эл аралык коомчулук тарабынан
таанылышына күбө болуп жатабыз. Бул Казакстандын жогорку кадыр-баркын жана
жүргүзүлүп жаткан реформалардын ийгилигин баса белгилейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

