Астанада референдум башталгандан бери борбор калаанын тургундары жигердүү добуш беришүүдө. №155 участкасында кызуу жүрүп жатат. Бул жерге 18 жаштагы Алибек Кзылбаев да эрте келди. Анын республикалык референдумга биринчи жолу катышуусу толкундандыруучу жана маанилүү окуя болду. Ал өлкөнүн келечегине жеке салымын кошууну маанилүү деп эсептейт. Салт боюнча биринчи жолу добуш бергендерге эстеликке белектер тапшырылды.
Алибек Кзылбаев, Астана шаарынын тургуну:
– 5 күн мурун мен 18ге толдум, ошондуктан бул жерге биринчи жолу келдим. Ар бир добуш маанилүү, мен жарандык милдетимди аткарууга келдим. Мага бул жагат, анткени менин аракеттерим кандайдыр бир салым кошоорун жана алар келечекте менин жашоомо жана бүт мамлекеттин турмушуна таасир этерин түшүнөм.
Бүгүн борбор калаада референдум өткөрүү үчүн 501 участка иштейт. №155 участкада студенттер, пенсионерлер, балдары бар жаш үй-бүлөлөр, Парламент депутаттары добуш бере алышат.
Асхат Аймагамбетов, Парламент Мажилисинин депутаты:
– Референдумду жана шайлоо процессин өткөрүү, анын ичинде биздин жарандардын саясий маданияты, укуктук маданияты жагынан да абдан маанилүү. Акыркы жылдары бир нече референдум өткөрдүк. Менимче, бул жарандардын саясий маданиятын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ. Жалпысынан жарандар өздөрү чечим кабыл алышат, эң маанилүү, эң тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алууга катышышат. Бул демократиялык процесс жана өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү.
Участкаларда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тоскоолдуксуз добуш берүүсүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулган. Аларда пандустар, добуш берүү үчүн атайын кабиналар, Брайль шрифти менен жазылган тактилдик көрсөткүчтөр орнотулган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

