Алматыда жаңы Конституциянын долбоору коомдук талкууга коюлду

Алматыда жаңы Конституциянын долбоору коомдук талкууга коюлду

«Жаңы конституциянын долбоору «Адилеттүү Казакстан» концепциясын ишке ашыруунун бекем укуктук негизи». Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев Алматыда маслихат депутаттары, этномаданий бирикмелердин өкүлдөрү жана активдүү жаштар менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө алдыдагы республикалык референдумдун алдындагы биргелешкен иштин негизги багыттары талкууланды. Маулен Ашимбаев жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы өзгөртүүлөрдүн түпкү максаты – адилеттүүлүк принцибин бекемдөө, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу жана мамлекеттик бийликтин коом алдындагы жоопкерчилигин арттыруу экендигин белгиледи.

Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:

– Жаңы Конституциянын долбоору иштелип чыгып, мамлекет башчысынын Жарлыгы менен республикалык референдумга чыгарылды. Ошентип, Казакстан эли 2026-жылдын жалган куран айынын 15де өз тандоосун жасайт. Бул демократияны бекемдей турган маанилүү механизм экени анык. Жалпысынан Конституциялык реформанын башкы максаты мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, көз карандысыздыкты күчөтүүгө жана жарандардын жашоо сапатын арттыруу болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков