Казакстандын Президенти Алматы шаарынын акимин кабыл алды

Казакстандын Президенти Алматы шаарынын акимин кабыл алды

Быйылкы жылдын үчтүн айы-бирдин айларында Алматы шаарынын экономикалык өсүшү 9 жарым пайызга жакын болду. Негизги көрсөткүчтөр өнөр жай, курулуш, транспорт жана соода тармактарында байкалды. Казакстандын президентине шаардын акими Дархан Сатыбалды мегаполистин социалдык-экономикалык абалы жана негизги өнүгүү багыттарынын ишке ашырылышы тууралуу баяндады. Алматы шаарынын башчысынын маалыматы боюнча, шаардын инвестициялык портфели 3 трлн теңгеге жакын болду. Шаарды өнүктүрүү планы аяктап калды. Туризм жана тоо кластерин өнүктүрүү уланууда. Алматы өлкөнүн IT секторунда жетектөөчү ролду ойнойт. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев Almaty AI Park долбоорун тездетүү, ошондой эле LRT жана SkyTrain системаларын киргизүү иштерин жандандыруу боюнча бир катар тапшырма берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков