Астанада Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Кариндин төрагалыгы алдында Парламенттик реформа боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү. Жыйынга келечектеги бир палаталуу Парламентти калыптандырууга байланыштуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, жумушчу топтун мүчөлөрүнүн сунуштары, ошондой эле жарандардын е-Otinish жана E-gov платформалары аркылуу келип түшкөн демилгелери каралды. Отурумда Парламенттин жаңы депутаттарына коюлуучу квалификациялык талаптар, аларды шайлоо тартиби, саны менен сапаттык курамы, ыйгарым укуктуулук мөөнөтү жана квотага байланыштуу ыкмалар талданды. Жыйында көтөрүлгөн демилгелер дыкат каралып, системалаштырылат. Парламенттик реформаны өткөрүү боюнча негизги ыкмаларды калыптандыруу иши жумушчу топтун алдыдагы отурумдарында улантылат.
Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:
- Жетинин айынын 15не чейин белгиленген мөөнөттө жумушчу топтун мүчөлөрү жана 6 партиянын атынан Парламенттик реформа маселеси боюнча атайын сунуштар келип түштү. Биз келип түшкөн бардык сунуштарды 3 топко, 3 категорияга бөлдүк. Биринчиден саясий партиялардын сунуштарын өзүнчө чыгардык. Жумушчу тобунан келип түшкөн сунуштарды болсо өзүнчө чогулттук жана е-Otinish менен E-gov платформасы аркылуу келген башка да жарандардын, коомдук ишмерлердин атынан келип түшкөн сунуштарды өзүнчө карадык. Мамлекет башчысы жумушчу топтун алкагында жыйналган демилгелерди жан-жактуу караштырууну жана Парламенттик системаны жаңыртууга байланыштуу сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды. Бул жумушчу топтун башкы милдети.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

