2025-жыл өлкө үчүн санариптик жаңыланууга бурулуш жыл
болду. Казакстан алдыдагы үч жылда санарип мамлекетке айланышы керек. Президент
Касым-Жомарт Токаев быйылкы элге кайрылуусунда ушундай стратегиялык милдет
койду. Өлкөдө, Борбор Азияда биринчи болуп Жасалма интеллект тууралуу мыйзам
кабыл алынып, бүтүндөй тармактык министрлик түзүлдү. Борбор калаанын төрүнөн Alem.AI
эл аралык жасалма интеллект борбору ачылды. Уникалдуу инновациялык мейкиндик
илим, өнөр жай, креативдүү индустрия жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү сыяктуу
тармактардагы технологияны өнүктүрүүнү көздөйт. Ошондой эле дүйнөдөгү эң мыкты
500 эсептөөчү машинанын арасынан 86-орунду ээлеген суперкомпьютер өз ишин
баштады.
Жаслан Мадиев, Премьер-министрдин орун басары – Санариптик
өнүгүү жана жасалма интеллект министри:
- Алгачкы чоң эсептөө кубаттуулуктары ишке киргизилди.
Алар азыркы тапта университеттерде, стартаптарда, компанияларда, мамлекеттик
органдарда жеткиликтүү. Алар ушул эсептөө кубаттуулуктары менен жасалма
интеллект моделдерин машыктыра алышат. Өздөрү ойлоп тапкан моделдерге
fine-tuning жасап, жакшыртат. Ушул суперкомпьютерлерде чоң тилдик моделдер
жасалды. Бул эмне үчүн керек дей турган болсок, эң алды менен тилдик моделдер
санариптик көз карандысыздыкты камсыздайт.
Суперкомпьютердин башкы жемиштеринин бири - жасалма
интеллект агенти. Азыркы учурда ушундай 50гө жакын санариптик жардамчы жасалууда.
Казакстандык IT-адиси Бексултан Аукенов иштеп чыккан стартап платформасында
юристтик, комплаенс, каржы, бухгалтерия жана салык системаларындагы санариптик
жардамчылар бар.
Бексултан Аукенов, Стартаптын өкүлү:
- Учурда 10го жакын компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп
жатат. Акселератордун жардамы менен жергиликтүү Kashagan B.V. компаниясы менен
келишимге кирдик. Дагы эки компанияда пилоттук режимде сыноо өткөрөбүз. Ири
керектөөчүлөрүбүздүн бири британиялык фармацевтикалык алп «Galvani
Bioelectronics» компаниясы. Эң алды менен биздин агенттер адамдын жумушун
жеңилдетип, убактысын үнөмдөйт. Биз системанын көз карандысыздыгын камсыздап,
кызматкердин эмгек өндүрүмдүүлүгүн 40тан 70 пайызга чейин арттырабыз.
1 миллиард долларлык IT өнүм экспорту. Мамлекет башчысы
2026-жылга ушундай максат койгон. Бирок, министрлик бул максатка мөөнөтүнөн
мурда жеткенин билдирүүдө. Быйыл 100дөн ашык стартап чет элдик рынокко чыкты.
Азыр Astana Hub-ка 2 миңге жакын резидент компания катталса, анын 500гө жакыны
чет элдик капиталдын үлүшү менен түзүлгөн.
Жамбыл Махметов, Astana Hubдын башкаруучу мүдүрү:
- Биз Google for Startups менен биргелешкен
акселератордук программанын операторубуз. Бул Евразия континентинин ортоңку
бөлүгүндөгү 8 өлкөнү камтыйт. Кремний өрөөнүндөгү атактуу венчурдук Draper
университети менен биргелешкен долбоорубуз бар. В2В багыты боюнча дүйнөлүк
мыкты акселератор Alchemist менен иштейбиз. Биздин Кремний өрөөнүнөн тышкары
Улуу Британияда, башка да аймактарда бир катар өнөктөштөрүбүз бар. Быйыл
Бириккен Араб Эмираттарында, Кытайда жаңы хаб ачтык. Бүткүл дүйнөлүк рынок
боюнча активдүү өнүгүп келебиз.
Казакстан Өкмөтүнүн жасалма интеллектке даярдык индексинин рейтингинде 16 баскычка көтөрүлдү
Oxford Insights эл аралык талдоо борбору жарыялаган
жасалма интеллектти киргизүү жана башкаруу деңгээли боюнча Казакстан быйыл чоң
ийгиликке жетти. Башкача айтканда, өлкө дүйнөнүн
195 мамлекетинин арасында 60-орунга көтөрүлүп, бир жылдын ичинде 16 позицияга
жогорулады. Бул тизмедеги аймактык бөлүштүрүүдө «аймактагы эң өнүккөн
санариптик мамлекеттердин бири» деген макамын кайра тастыктады. Бул көрсөткүч
мамлекеттик кызматтардын санариптештирилиши, электрондук өкмөттүн өнүгүшү жана
санариптик инфраструктуранын чыңдалышы менен байланыштуу. Бул жагынан алганда,
дүйнөлүк рейтингде онлайн кызмат көрсөтүү сапаты боюнча 10-орунга
жайгашканыбызды белгилей кетүү керек. 2025-жылы электрондук өкмөт порталы
аркылуу 51 миллиондон ашык кызмат алды. Бүгүнкү күндө өлкөдө мамлекеттик
кызматтардын 90% онлайн форматта жеткиликтүү.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

