Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык комиссиясы коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды. Жолугушууда ЕАЭБдин учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү дарамети талкууланды. Сүйлөшүү учурунда Казакстандын 2026-жылы уюмга төрагалык кылуусунун алкагындагы ишинин артыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчыга үстүбүздөгү жылдын бештин айынын 21де Санкт-Петербург шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу да маалымат берилди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

