Казакстандын Конституциялык реформасы тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары

Казакстандын Конституциялык реформасы тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Казакстандагы жаңы Конституциянын долбооруна талдоо жүргузүп жатышат. Ири басылмалар жаңы Конституциянын өлкөнүн бийлик институттарына киргизе турган өзгөрүүлөрүн, Казакстандагы жарандык коомдун өнүгүүсүнө таасир этүү мүмкүнчүлүгүн баалоого көңүл бурушкан.


Маселен, Испаниянын Transcontinental Times гезити долбоордун парламенттик системаны реформалоо, жарандык укуктар чөйрөсүн кеңейтүү сыяктуу жаңычыл жактарына токтолгон. «Жаңы Конституциянын долбоорунда санариптик трансформация айкын көрүнүш табат. Бул жарандардын санариптик чөйрөдөгү укуктарына жаңы кепилдик берет», – деп жазат басылма.


Ал эми кыргыз басылмасы Open.kg жаңы Конституциянын долбоорун жапырт талкуулоо процессин улуттук диалог жана жарандык көз караштын көрүнүшү катары караган. Басылма Конституциянын долбоорун талкуулоого жарандык коомдун активдүү аралашканына көңүл бурган. Ошондой эле, жаңы долбоорду мыйзам үстөмдүгүн күчөтүү, укуктук негизди жаңыртуу кадамы деп баалаган.


Азербайжандык Caliber.Az басылмасы дагы Казакстандагы референдум тууралуу жазып, аналитикалык макала жарыялаган. Андагы ойдун башкы түйүнү «Жаңы Конституциянын долбоорунун мааниси – демократиялык реформаларды улантып, өлкөнүн көз карандысыздыгы менен эгемендүүлүгүн бекемдөө» – дегенге барып такалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков