Эл аралык байкоочулар миссияларынын жыйынтыгын чыгарып
жатышат. Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү
Казакстанда жалпы элдик референдумду даярдоого жана өткөрүүгө жогору баа
беришип, шайлоо участокторунда шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн белгилешти,
бул казак жарандарынын өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон кызыгуусу
күчтүү экенин айгинелейт. Делегациянын жетекчиси Осман Местен референдумдун
жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо инфраструктурасынын
инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулганын баса
белгиледи. Бул бардыгы үчүн бирдей жана ыңгайлуу добуш берүү шарттарын камсыз
кылды. Жалпысынан ТүркПА өкүлдөрү референдум өткөрүү боюнча 115 шайлоо
участогун кыдырып, шайлоо участкаларынын ачылышына, добуш берүүнүн жүрүшүнө
жана добуштардын саналышына көз салышты.
Осман Местен, ТҮРКПА Парламенттик ассамблея
делегациясынын башчысы, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын мүчөсү:
– Миссия адилеттүүлүктү,
объективдүүлүктү, көз карандысыздыкты, айкындуулукту жана шайлоо процессине
кийлигишпөө принциптерин жетекчиликке алды. Байкоолордун жыйынтыгы боюнча
миссия Казакстандагы конституциялык референдум улуттук мыйзамдарга жана эл
аралык стандарттарга ылайык өттү деген бүтүмгө келди.
Түрк мамлекеттер уюмунун миссиясы Астанадагы 31 шайлоо участкасында болду. Уюмдун байкоочуларынын айтымында, аларда административдик жана укук коргоо органдары тарабынан эч кандай кийлигишүү катталган эмес. Процесс ачык-айкын жана адилеттүү өттү. Түрк мамлекеттери уюмунун миссиясынын байкоочусу Өмер Кожамандын айтымында, конституциялык өзгөртүүлөр Казакстандын тарыхында жаңы доорду ачты жана парламентти модернизациялоо, жарандык коом институттарын өнүктүрүү сыяктуу өзгөртүүлөр бүтүндөй түрк аймагынын өнүгүшүнө салым кошо ала турган стратегиялык мааниге ээ.
Өмер Кожаман, Түрк мамлекеттер уюмунун Баш
катчысынын орун басары:
– Казакстан бул референдумду абдан демократиялуу, ачык жана айкын өткөрдү. Албетте, жаңы Конституцияда абдан маанилүү өзгөртүүлөр бар. Эми Казакстан бир палаталуу система болуп, ал Курултай деп аталат. Бул биз үчүн жалпы сөз, орток терминология. Бүткүл түрк дүйнөсү үчүн анын мааниси абдан чоң жана баалуу.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

