Казакстан
Индияга 40 түрдүү товардык позиция боюнча 150 млн долларга өнүм жеткирүү
көлөмүн көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Өкмөт башчысы Олжас Бектенов
Нью-Делиге жумуш сапарынын алкагында Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди
менен жолугушууда айтты. Тараптар арадагы инвестициялар, энергетика, айыл
чарбасы, санариптештирүү жана жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты
андан ары өнүктүрүүнү талкуулады. Бул учурда былтыр өз ара товар алмашуу 923
млн долларды түзгөнүн айта кетүү керек. Сапардын алкагында Олжас Бектенов
дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле IT серепчилер
чогулган India AI Impact Summit 2026 саммитине катышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

