Казакстан жаңы инвестициялык циклди баштайт. Бул үчүн
заманбап жогорку технологиялык өндүрүштөрдү түзүүгө сапаттуу инвестицияларды
тартуунун комплекстүү стратегиясы зарыл. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт
Токаев Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдирди. Белгилей кетсек, 2022-жылдан
бери өлкөгө салынган инвестициянын көлөмү 84 миллиард доллардан ашты. Ошол эле
учурда негизги капиталга салынган инвестиция эки эсеге көбөйдү. Бирок Мамлекет башчысы
белгилегендей, темпти жогорулатуу зарыл. Биринчи кезекте, бизнес үчүн тартымдуу
болгон секторлорго – сейрек кездешүүчү металлдар, мунай-газ химия, санариптик
инфраструктура, кайра жанма энергия булактары, транспорт, агроөнөр жайын кайра
иштетүү. Экономикага инвестициянын агымын стимулдаштыруунун маанилүү куралы –
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк. Президент өкмөткө аны активдүү пайдаланууну
тапшырды. Касым-Жомарт Токаев ишке жеке секторду гана эмес, каржы секторун да
тартууну тапшырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Чийки затты жөн эле ташып
чыгуудан көрө, кийинчерээк экспорттоо менен жогорку кайра бөлүштүрүлгөн өнүмдү өндүрүү
коммерциялык жактан пайдалуураак болушу керек. Бул албетте оңой иш эмес. Бул
маселеде тармактын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизе турган аша чаап кетүүлөргө
жол берүүгө болбойт. Өкмөттүн саясаты жөндүү жана рационалдуу
болушу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

