Ички дүң өнүмдүн өсүшү казакстандыктардын реалдуу
кирешесинде чагылдырылышы керек. Бул
тууралуу бүгүн Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында Президент Касым-Жомарт Токаев
билдирди. Эске салсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн экономикасы 6,5%га
өстү. Протекционизм, тарифтик согуштар жана дүйнөдөгү жалпы деглобализация
шартында өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн тез ыңгайлаша билүү
зарыл, деп ишенет Президент. Бул үчүн өлкөгө рыноктук экономиканын өнүгүү
вектору так аныкталган туруктуу өсүү модели керек, ага тармактарды каржылоо
багытталат. Өкмөттүн жакынкы милдети – өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу,
технологиялык жаңылануу жана адамдык капиталды өнүктүрүү аркылуу өсүштү камсыз
кылуу. Мындан тышкары, Президент атайын экономикалык зоналардын
натыйжалуулугуна басым жасоону тапшырды. Өкмөт 3 айдын ичинде эркин
экономикалык аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы моделин бекитиши керек. Өкмөт ошондой
эле иштеп жаткан мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоону
тездетүүсү керек. Президенттин тапшырмасы чийки мунайды кайра иштетүүнүн жалпы
көлөмүн жылына 9 миллион тоннага көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

