Казакстанда Silk Way Star аттуу биринчи азиялык вокалдык сынак аяктады. Көптөн күткөн теңдешсиз теле мега долбоордун гранд-финалы өткөн дем алыш күндөрү болуп өттү. Салтанаттуу кечени президент Касым-Жомарт Токаевдин атынан саламдашуу сөздөрү менен мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин ачты.
Ерлан Карин, мамлекеттик кеңешчи:
- Silk Way Star – бул Азия өлкөлөрүнүн руханий алакасын өнүктүрүүгө жана элибиздин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө багытталган уникалдуу демилге. Долбоор маданияттык дипломатиянын көрүнүктүү үлгүсү болуп, өлкөлөрүбүздүн каада-салттарын жана чыгармачылык жетишкендиктерин көрсөттү.
Раушан Кажыбаева, Казакстан Республикасы Президентинин телерадиокомплексинин башкы мүдүрү:
- Үстүбүздөгү жылдын кулжа айында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунда 12 өлкөнүн катышуусундагы эл аралык музыкалык долбоорду баштоо жөнүндө документке кол коюлду.
Финалга Малайзия, Грузия, Кытай, Армения, Монголия, Өзбекстан жана Казакстандын өкүлдөрү болгон эң күчтүү 7 аткаруучу жетти. Залда майрамдык маанай өкүм сүрүп, көрүүчүлөр шоунун катышуучуларын кол чабуулар менен тосуп алышты. Казакстандын эл артисти Димаш Кудайберген жеңүүчүнүн атын жарыялаганы сынактын кульминациясы болду!
«Silk Way Star» долбоорунун масштабы жана форматы Евровидение сыяктуу дүйнөлүк ири музыкалык сынактар менен салыштырылууда. Шоунун финалы рекорддук сандагы көрүүчүлөрдү – жарым миллиондон ашуун адамды чогултту. Мындан тышкары, долбоор Кыргызстанда, Азербайжанда, Тажикстанда, Монголияда түз эфирде көрсөтүлдү. «Jibek Joly» телеканалында долбоор казак тилинде, ал эми «Silk Way» телеканалында алты тилде көрсөтүлдү. Жалпысынан эсептегенде, гранд-финалды дүйнө жүзү боюнча 120 миллионго жакын көрүүчү көрдү.
Еркежан Күнтуган, телеканалдын башкаруучу мүдүрү:
- Мындай кеңири кулач казакстандык теле өнүмдүн эл аралык рынокто ишенимдүү атаандаша алаарынын жана чет элдик аудиторияга чындап керектүү экенинин ачык далили болду. Биз буга ишенгенбиз, даярданганбыз жана алдыга кадам таштадык, натыйжа күткөндөн да ашып түштү.
Мишель Джозеф, «Silk Way Star» сынагынын жеңүүчүсү:
- Мени башынан эле күйөрмандарым жана менин өлкөмдүн жашоочулары колдошту. Мага көптөгөн казакстандыктар да күйөрман болушту, мен буга абдан кубанычтамын. Мен казак тилин үйрөнгүм келет, ал абдан кооз.
CMG Евразия бюросунун башкы редакциясынын башчысы Ван Дэлу белгилегендей, Silk Way Star сынагынын кийинки сезону Кытайда өтөт. Ал эми бештин айында анын чоо-жайы талкууланып, Казакстандын тажрыйбасына таянышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

