Мангыстаунун кооздугу Америкалык The Washington Post басылмасынын көңүл чордонунда

Мангыстаунун кооздугу Америкалык The Washington Post басылмасынын көңүл чордонунда

Казакстандын кайталангыс ландшафттары бар жаратылышы дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн барган сайын бурууда. Бул өлкөгө туристтик багыт катары кызыгуунун өсүп жатканын билдирет. Мисалы, белгилүү америкалык Washington Post гезитинде Маңгыстау облусунун кооз жерлери тууралуу чоң макала жарыяланды. Макаланын автору жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, окурмандарга Бозжыра, Торыш коруктары жана Жыгылган ойдуңу боюнча саякаты тууралуу айтып берет. Ал бул жерлерди дүйнөдөгү эң адаттан тыш жаратылыш жерлеринин арасынан бөлүп көрсөтөт. Саякатчыга өзгөчө таасирди Шарлар өрөөнү – Торыш калтырды. Басылмада Маңгыстау облусу масштабдуу панорамалары бар обочолонгон, анык туризм үчүн багыт катары көрсөтүлгөн.


Даниел Сержан уулу, «Kazakh Tourism» ук башкарма төрагасынын милдетин аткаруучусу:


- Абройлуу The Washington Post басылмасы Маңгыстау облусу жөнүндө бүтүндөй макала жарыялады жана дүйнөлүк медианын Маңгыстауга көңүл буруусу жөн жерден эмес, анткени бул аймак мамлекет башчысы тарабынан туризмди өнүктүрүү боюнча белгиленген үч артыкчылыгыбыздын бири болуп саналат. Ошондуктан биз маалыматтык иштерге да өзгөчө көңүл бурабыз. Өткөн жылы бир катар маалыматтык турларды өткөрүп, чет элдик медианы бул аймактын кооздугун дүйнөгө айтып берүүгө чакырдык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков