Казакстандын жаңы
Конституциясы Астанада талкууланды. Эл аралык тегерек столдун жүрүшүндө өлкөнүн
саясий жана институционалдык трансформациясынын негизги багыттарына арналган
аналитикалык доклад сунушталды. Документ казакстандык жана чет элдик серепчилердин
бааларын бириктирип, реформалардын логикасын, жарандардын укуктарын коргоо
механизмдерин жана мамлекеттин мындан аркы өнүгүү келечектерин ачып берет. Анда
институционалдык архитектуранын өзгөрүшүнө жана жаңы институттардын азыркы
саясий системаны калыптандыруудагы ролуна өзгөчө көңүл бурулган.
Жандос Шаймарданов,
КР Президентине караштуу КСТҮИ мүдүрү:
– Бул докладды эл аралык коомчулук, биздин өнөктөштөр, серепчилер кандай
кабыл алат, көрөбүз. Бул жерде докладдын авторлору гана
эмес, башка өлкөлөрдөн, АКШдан, Европа Биримдигинен, Азия өлкөлөрүнөн, жакынкы
чет өлкөлөрдөн бир катар адистер кошулушат, Кыргызстандан, Өзбекстандан келген
кесиптештерибиз да бүгүн байланышта болушат. Айта кетсек, бул отчеттун авторлор
тобу биздин институттун кызматкерлери гана эмес, башка чет элдик институттардан
да бар экени маанилүү.
Эл аралык талдоочулар Конституциянын трансформациясы көз карандысыздыктын
жана санариптик доордун шартында чоңойгон казакстандыктардын жаңы муунунун
талаптары менен да байланыштуу деп эсептешет. Бул
контекстте жаңыланган Баш мыйзам укуктук документ катары гана эмес, натыйжалуу
жана ачык мамлекетке болгон коомдук суроо-талаптын чагылдырылышы катары да
каралат. Мында адамга багыттуулукка - жарандардын укуктарынын жана
эркиндиктеринин кепилдиктерин күчөтүүгө, ошондой эле мамлекет менен коомдун өз
ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу системасын түзүүгө өзгөчө басым жасалат.
Альберто Туркстра, «Diplomatic World» журналынын долбоорлор боюнча мүдүрү:
/Бельгия/
– Казакстандын
калкы жаш. Орточо жашы - 30–32 жаштын тегереги, башкача айтканда, калктын
жарымы 1995-жылдагы Конституция кабыл алынгандан кийин төрөлгөн. Ошондуктан,
жаңылануу азыркы жана келечек муундар үчүн зарыл, алар өнүгүшү керек. Жаңы
Конституцияны мен жарандар менен мамлекет бири-бирин жакшыраак түшүнгөн жаңы
коомдук келишим катары карайм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

