ЕАЭБдеги өз ара инвестициялардын көлөмү 20 миллиард доллардан ашты

ЕАЭБдеги өз ара инвестициялардын көлөмү 20 миллиард доллардан ашты

ЕАЭБ иштеп баштагандан бери өз ара түз инвестициялардын көлөмү 20 миллиард доллардан ашты.  Казакстанга салынган инвестициялар дээрлик 7 эсеге көбөйдү. 2015-жылы 600 миллион доллардан 2024-жылы 4 миллиард долларга чейин жетти. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында билдирди. Салт боюнча жыйын алгач тар чөйрөдө өттү. Казакстандын, Орусиянын, Беларустун, Кыргызстандын президенттери, Армениянын премьер-министри, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы келерки жылга союздун артыкчылыктарын жана иш багыттарын талкуулашты. Кеңейтилген форматтагы жыйында Касым-Жомарт Токаев мындай жаңы жыл алдындагы Санкт-Петербург жолугушуулары жакшы салт болуп калганын белгиледи. Жылдын жыйынтыгын чыгарып, келечекке пландарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Өтүп бара жаткан жыл Евразия экономикалык биримдиги үчүн мааракелик жыл болду. Биз интеграциялык бирикмебиздин өнүгүүсүнүн экинчи он жылдыгына ишенимдүү кадам таштадык. Акыркы жылдардагы глобалдык дүрбөлөңдөргө карабастан, биз позитивдүү экономикалык динамиканы сактап калууга жетиштик. 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 2%га көбөйөт деп күтүлүүдө. Болжолдоолорго ылайык, жакынкы эки жылда ИДӨнүн өсүшү туруктуу мүнөзгө ээ болот.

Казакстандын президенти биримдикти андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Атап айтканда, мамлекет башчысы соода агымдарын болжолдоодо жана бажы алымдарынын таасирин баалоодо жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча ишти баштоону сунуштады. Касым-Жомарт Токаевдин пикиринде, ЕАЭБ дүйнөлүк транспорттук-логистикалык түйүн болууга умтула алат, муну эске алганда бул абдан актуалдуу. Албетте, дүйнөлүк рынокто талап кылынган өнүмдү чыгарууга багытталган жаңы өнөр жай өндүрүштөрүн өнүктүрүү маанилүү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- ЕАӨБ аналитиктеринин эсептөөлөрү боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүндө өнөр жай товарларын өндүрүү жана экспорттоо боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөр 67 миллиард долларга бааланууда. Бул дарамет толугу менен ишке ашса, өсүүнүн жалпы таасири 500 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Бул максатка жетүү үчүн өнөр жай кооперациясын күчөтүү маанилүү. Бул жерде инновациялык долбоорлорго инвестициялар керек.

Соодадагы административдик тоскоолдуктарга «жок», экономикалык кызматташтыктын географиясын кеңейтүүгө «ооба». Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев өзгөчө белгиледи. Маселен, Монголия менен эркин соода аймагы жөнүндө, Бириккен Араб Эмираттары менен өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларга, жыйындын жүрүшүндө Индонезия менен да кол коюлду. Ал эми келечекте союздун Глобалдык Түштүк, Араб дүйнөсү, Түштүк-Чыгыш Азия жана Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү зарыл. Белгилей кетсек, жаңы жылда Казакстан ЕАЭБге төрагалык кылат. Ал эми Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки жыйыны бугу айынын 28-29 күндөрү Астана шаарында өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков