Мажилис ЕАЭБге байланыштуу бир катар документти ратификациялады

Мажилис ЕАЭБге байланыштуу бир катар документти ратификациялады

Мажилис Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагындагы эки келишимди кабыл алды. Алгач биримдиктин бажы аймагынан өтүүчү товарлардын чыгарылган жерин аныктоонун шайкештештирилген тутуму тууралуу келишим ратификацияланды. Документ товарларды Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагынан чыгарууда алардын өндүрүлгөн жерин аныктоо жана ырастоо ыкмаларына укуктук негизди камсыздайт. Ошондой эле, Казакстандын аймагынан чыгарылуучу товарларды экспорттоого тыюу салуу же чектөө белгиленген заттарды чыгарууда жөнгө салуу чараларынын колдонулушун көзөмөлдөө үчүн тиешелүү мүмкүнчүлүк берет. Мажилис ЕАЭБдин техникалык регламенттери талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү принциптери жана ыкмалары жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколун да бекитти. Документ буга чейинки келишимдин түшүнүктөрүн тактайт.

Айдар Абилдабеков, Соода жана интеграция вице-министри:

- Биримдиктин колдонуу укугундагы жана улуттук мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу жана ишкерлер үчүн мүмкүн болгон бажылык тобокелдиктерди азайтуу максатында 2024-жылдын бугу айынын 8де Москвада макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлган. Мыйзам долбоорунун жоболору «кооптуу өнүм» деген сөздөрдү «Биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербеген өнүм» деген сөздөр менен алмаштыруу сыяктуу өзгөртүүлөрдү камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков