Казакстандык саякатчы Европаны жөө кыдырууга чыкты

Казакстандык саякатчы Европаны жөө кыдырууга чыкты

Легендарлуу казакстандык саякатчы Сарсенбай Котырашов жаңы саякатка аттанууда. Бул жолу пенсионер Европаны жөө басып өтүүнү көздөөдө. Багыт  Сербия, Венгрия, Австрия, Германия жана Франция аркылуу өтөт. Эки айдын ичинде ал 2 миң чакырым жолду басып өтүшү керек. Бул 76 жаштагы аксакалдын дүйнөлүк марафонунун 4-этабы. Буга чейин ал Казакстан, Түркия, Монголия, Кытай боюнча жөө жүрүштөрдү жасап, сергек жашоо образын, маданиятты жана өлкөнүн туризмин пропагандалаган. Саякатын аяктагандан кийин Сарсенбай Котырашов Казакстанга кайтып келип, 2027-жылга пландаштырылган кийинки этапка даярданат. Белгилей кетсек, анын жетишкендиктери Казакстандын Рекорддор китебине киргизилген. Пенсионердин жаңы максаты - Гиннесстин китебине кирүү.


Сарсенбай Котырашов, саякатчы:


– Кийинки этап АКШ аркылуу өтүп, Атлантика океанынын жээгинде аяктайт. Андан кийин Африканы жана башка континенттерди жөө кыдырам. Ошентип, саякатымды 41 миң чакырым белгисинде аяктайм. Бул экватордун узундугунан бир аз көбүрөөк. Мен жалгыз кетүүдөн коркпойм, мени бардык жерде өз кишисиндей тосуп алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков