Казакстандын Президенти Давоско барат

Казакстандын Президенти Давоско барат

Үчтүн айынын 22де Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Дональд Трамптын чакыруусу боюнча Давоско иш сапары менен барат. Акорданын басма сөз кызматы билдиргендей, анда Казакстандын Президенти Тынчтык кеңешинин уставына кол коюу аземине катышат. Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев АКШ Президентинен Газа боюнча Тынчтык кеңешинин курамына кирүү боюнча алгачкылардан болуп расмий чакыруу алган. Ал эми Казакстанга жаңы бирикменин негиздөөчү мамлекеттеринин бири болуу сунушталган. Касым-Жомарт Токаев америкалык лидердин дарегине Кеңештин курамына кирүүгө макулдугун билдирген жооп катын жөнөткөн. Кайрылууда Президент Казакстандын Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкка, мамлекеттер аралык ишенимге жана глобалдык туруктуулукка салым кошууга умтуларын баса белгилеген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков