Билим берүү системасын санариптештирүү азыркы маданияттын
бир бөлүгү болуп, атүгүл каада-салттар менен да шайкеш келе баштады. Esil
Universityде Digital Nauryz-2026 алкагында санарип аллеясы, жасалма интеллект
жана жаңы технологиялар лабораторияларынын комплекси ачылды. Долбоор
IT-компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө жана окуу процессине AI-чечимдерди киргизүүгө
багытталган. Бул жерде студенттер заманбап жабдууларга жетип, стартаптарды
иштеп чыгышат, ошондой эле ар кандай тажрыйбалык долбоорлорду ишке ашырышат.
Аяпберген
Таубаев, Esil Univercity ректору:
– Бул бардыгы
төрт лабораторияны камтыган комплекс. Алардын бири – робототехникага арналса,
экинчиси - жасалма интеллект негиздерин өнүктүрүүнү көздөйт. Ал эми үчүнчүсү -
Hide Vision лабораториясы. Башкача айтканда, бул жерде видеокөзөмөл системалары
иштелип чыгат. Студенттер аларды толугу менен өздөрү чогулта алышат. Эң
акыркысы - санариптик инклюзия кеңсеси, анда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар,
санариптик куралдар аркылуу университеттеги бардык нерсеге аралыктан, башкача
айтканда онлайн жеткиликтүү.
Ошондой эле университетте Нооруз майрамынын
алкагында IT Project Fest сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Сынак бүгүнкү күндө
жасалма интеллект жогорку окуу жайынын билим берүү процессине - талапкерлер
менен иштөөдөн баштап, окутуучуларга материалдарды даярдоого жардамчы акылдуу
курал катары кеңири киргизилип жатканын айгинелейт.
Жаңгир
Есенжолов, Esil University AI лабораториясынын жетекчиси:
– Биз азыр студенттер үчүн күнүмдүк окуу процессине байланыштуу ар кандай
суроолорго жооп бере турган электрондук куратор иштеп жатабыз. Ал жасалма
интеллекттин негизинде иштейт. Ал эми кабыл алуу комиссиясы AI-чечимдеринин
жардамы менен абитуриенттер, алардын ата-энелери менен телефон аркылуу сүйлөшө
алат. Ошондой эле, мугалимдер үчүн слайддарды автоматтык түрдө жасап бере
турган башка да технологиялык долбоорлор ишке ашырылууда. Башкача айтканда, биз
өзүбүзгө керектүү нерсени санариптик системалар аркылуу чечип жатабыз.
Жазгы жаӊылануу майрамын университеттин жамааты салт боюнча шаңдуу жана мазмундуу программа менен тосуп алды. Казак стилинде ыр-бийлерден чачыла чачылды. Улуттук кийим үлгүлөрү жана каада-салттар даңазаланды. Конокторго боорсоктор жана Нооруз-көжө сунушталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

