К. Токаев казакстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады

К. Токаев казакстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысы бул майрамдын эл үчүн  өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ушул күнү казак калкы Казакстанды эгемен өлкө катары өнүктүрүү жолунда ыктыярдуу жана туура тандоо жасады. Казакстандын Президенти өлкөнүн эгемендигин бекемдөөгө жарандардын биримдиги, эмгеги жана өз ара колдоосу, коомдогу туруктуулук жана ынтымак аркылуу жетишилгенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы тарыхый доор келе жатат. Өлкөнүн глобалдык аренадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кадыр-баркын арттыруу, ошондой эле Казакстанды гүлдөгөн мамлекетке айландыруу үчүн биригүү зарыл. Президент ишке ашырылып жаткан масштабдуу реформалар ийгиликке алып келерине, ал эми ар тараптуу модернизациялоого багытталган стратегиялык кадам Адилеттүү жана күчтүү Казакстанды курууга мүмкүндүк берерине ишенет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков