Казакстандын президенти Эл аралык тынчтык жана ишеним жылына арналган форумга катышуу үчүн Ашхабадга барды. Мамлекет башчысын Түркмөнстан Халк Маслахатынын Төрагасы тосуп алды. Касым-Жомарт Токаев Гурбангулы Бердымухамедов, кийин Түркмөнстандын Президенти менен жолугушту. Тараптар соода көлөмүн арттыруу, экономикалык байланыштарды күчөтүү, энергетика, транспорт-логистика жана айыл чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин карашты. Касым-Жомарт Токаев бул багыттарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө форумдун жүрүшүндө кененирээк токтолду. Буга байланыштуу Казакстан Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрүн ырааттуу түрдө кеңейтип, бирдиктүү транспорттук системаны калыптандырууга киришкенин билдирди. Ошондой эле, ал эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту колдоо үчүн стратегиялык тең салмактуулукту калыбына келтирүүнүн, адилеттүү дүйнөлүк тартип орнотуунун маанилүү экенин айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бул багытта өлкөбүз Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процессинин жанданышын колдойт. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча келишимге кол коюлушун кубаттайбыз. Казакстандын Авраам келишимине кошулуу чечими аталган аймактагы абалды турукташтырууга салым кошуу ниетинен улам келип чыгууда. Ошентсе да Казакстан узакка созулган аскердик-саясий каатчылыкты түп-тамырынан бери жөнгө салуунун маанилүү фактору катары эгемен Палестина мамлекетин түзүү позициясын жактайт. Азербайжан менен Армения тынчтык жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койду. Биз муну тарыхый чечим деп эсептейбиз.
Казакстан диндер, этностор жана маданияттар аралык диалогду бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурат. Президент өлкөдө 20 жылдан ашык убакыттан бери Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съезди уюштурулуп келе жатканын эске салды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жакында Астанада өткөн VIII Съездде Казакстан «Тынчтык кыймылы» деп аталган демилге көтөрдү. Бул чынында кан төгүүнү токтотууга, келечек муун алдындагы орток жоопкерчиликти сезүү менен элдешүү жолун издөөгө үндөө эле.
Мамлекет башчысы Арал жана Каспий деңизиндеги экологиялык абалга да көңүл бурду. Анын пикиринде, глобалдык суу дипломатиясын өнүктүрүүдө мамлекеттер аралык интеграциянын мааниси зор. Бул жаатта Казакстан Эл аралык суу уюмун түзүүнү сунуштайт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- UN-Water мекемелер аралык механизмин БУУнун толук кандуу адистештирилген агенттигине же уюмуна айландыруу эң жакшы чечим болмок. Мындай демилгени ишке ашыруу БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жана бүткүл эл аралык коомчулуктун кызыкчылыктарына жооп берет. Келерки жылдын чын куран айында Астанада Региондук экологиялык саммит өтөт. Аталган жыйында Казакстан глобалдык суу уюмун түзүү боюнча эл аралык консультация процессин баштоого ниеттенүүдө.
Казакстандын президенти сөзүн жыйынтыктап жатып, Ашхабад форуму кызыкдар мамлекеттердин жаратман өнөктөштүгүн бекемдөөгө жаңы дем берерине ишеним билдирди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

