Казакстанда чет өлкөлүк студенттердин саны өсүүдө

Казакстанда чет өлкөлүк студенттердин саны өсүүдө

Казакстан Евразиянын негизги билим берүү борбору макамын жогорулатууну улантууда. Бүгүнкү күндө билим издеген чет элдик студенттердин тандоосу көбүнчө казакстандык жогорку окуу жайларына түшүүдө. Мисалы, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 90 өлкөдөн 35 миңден ашуун жаран университеттерде билим алууда. Өлкөнүн Илим жана жогорку билим министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы бир жыл ичинде алардын саны 11%га өскөн. Негизинен Индия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кытай жана Орусиядан келишет. Алматы, Астана жана Шымкент билим алам деген чет элдик жарандар үчүн кызыктуу шаарлардын башында турат. Алматынын өзүндө эле 18 миңден ашуун чет элдик студент окуйт. Бүгүнкү күндө шаар Борбордук Азиядагы ири билим берүү кластерине айланды. Чет элдик талапкерлер арасында медицина, инженерия, IT жана социалдык-экономикалык багыттар эң популярдуу. Алардын пикиринде, билим берүүнүн жогорку сапаты жана окуу акысынын жеткиликтүүлүгү, дипломдорду чет өлкөдө таануу, ошондой эле инфраструктуранын сапаты жана ата мекендик университеттердин эл аралык өнөктөштүгү Казакстанды тандоо үчүн негиз болгон.


Алибек Мадибеков, илим жана жогорку билим министрлигинин жогорку билим берүүнү өнүктүрүү улуттук борборунун мудүрү:


- Студенттер толук англис тилинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бүгүнкү күндө Казакстанда толук курста окуган 35 миң студент бар. Мындан тышкары, бизде академиялык алмашуу боюнча студенттердин саны көп, алар негизинен бир семестрге келишет. Бүгүнкү күндө алардын саны 3 миңге жакын. Ошондой эле, чет өлкөлөрдө ачылган казакстандык университеттердин филиалдары да бар. Омск шаарында өткөн жылы ачылган өкүлчүлүктө азыр 70 студент окуйт. Ал эми Бишкек шаарындагы Аль-Фараби университетинин филиалында 1300гө жакын казакстандык студент билим алууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков