Казакстандык WeGlobal AI стартабы чет элдик рынокторго чыгууда

Казакстандык WeGlobal AI стартабы чет элдик рынокторго чыгууда

Казакстандык WeGlobal AI стартапы чет элдик рынокторго чыгууда. Алардын иштеп чыгуулары чет өлкөлөрдө жогору бааланууда. Айрыкча, мектеп окуучуларынын психикалык саламаттыгын колдоо жана өспүрүмдөргө кесип тандоого жардам берүү боюнча EdTech долбоору Улуу Британиянын окуу жайларын кызыктырды. Команда стартапты жергиликтүү талаптарга ылайыкташтырууга жана пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүгө даяр. Алар англиялык гана эмес, америкалык окуучулар үчүн дагы иштейт. Учурда команда эл аралык кызматташтыкка басым жасоодо. Анткени, дүйнөдө мындай AI чечимдерине болгон суроо-талап өсүүдө.


Ясмин Асылбек, байланыш бөлүмүнүн жетекчиси:


– Чет өлкөдө биз азыр үч багыт боюнча иштеп жатабыз, биринчиси - бул Борбордук Азия, мисалы Өзбекстан, биз ал жерде тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү, мектептердин өкүлдөрү менен жолугуштук. Экинчи багыт боюнча бизде Улуу Британия бар, үчтүн айынын 21де биздин команда BaТТ UK Show көргөзмөсүнө барды, бул билим берүү технологиялары боюнча стартаптардын көргөзмөсү, ал жерде дагы биз ар кандай өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөштүк. Ал эми үчүнчү багытыбыз азыр АКШ, биз азыр эки ири акселераторго тапшырдык, алар «Y Combinator» жана «StartX». Ушул акселераторлордун жардамы менен биз АКШ рыногуна чыккыбыз келет.


Казакстанда түзүлгөн санарип платформанын дүйнөдө аналогу жок. Азыр ал окуучуларды колдоо боюнча эң ири санарип экосистемасын түзүүдө. Ал жасалма интеллект технологияларын, аналитиканы жана психологиялык экспертизаны бириктирет. WeGlobal AIдин аркасында окуучулар буллинг жөнүндө билдирип, психолог менен көйгөйдү чечип, өз каалоосу жана чакырыгы боюнча кесип тандай алышат. Бүгүнкү күндө долбоор өлкөнүн миңден ашык мектебине киргизилип, жарым миллиондон ашык окуучуну камтыйт. Мындан тышкары, платформа адистерди окутат – алар үчүн онлайн жана оффлайн семинарлар өткөрүлөт.


Данияр Камал, платформаны ишке киргизүү боюнча мүдүр:


– Негизинен, психологиялык колдоо жана кесипке багыт берүү платформасы толук кандуу техникалык колдоо да көрсөтөт. Баарынан мурда, мектеп психологдорунда кызмат боюнча суроолор пайда болот - булар улуу муундун өкүлдөрү. Биз аларга суроолорун берип, жооп алууга ыңгайлуу болушу үчүн WhatsAppта группа түзөбүз.


Иштеп чыгуучулар платформанын интерфейсин кеңейтип, өлкө боюнча мектептердин санын ушул жылы 2 миңге жеткирүүнү пландаштырууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков