Казакстанда 8 суу
чарба бассейни бар. Анын жетөө 58
трансчегаралык өзөндү камтыйт. Алардын ресурстары Кытай, Орусия жана Борбордук
Азия өлкөлөрү менен биргелешип пайдаланылат. Трансчегаралык дарыяларды коргоо
жана пайдалануу боюнча иштер өкмөттөр аралык келишимдердин алкагында
жүргүзүлөт. Коңшу мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен суу тармагы боюнча
Казакстан-Орусия комиссиясы иштейт. Жергиликтүү адистер Ирикла суу сактагычынын
жазгы ташкынды жөнгө салуу иштерине катышат. Ал эми Кытай менен өкмөттөр аралык
келишим алкагында Үлкен Уласты дарыясында биргелешкен суу бөлүштүрүү объектиси
курулат. Ошондой эле былтыр Өзбекстан менен трансчегаралык суу объекттерин
биргелешип башкаруу тууралуу жаңы келишим түзүлдү. Натыйжада Түндүк Арал
деңизине 6 млрд куб метрден ашык суу жиберилип, анын көлөмү 23 млрд куб метрге
чейин көбөйдү. Бул багытта Дүйнөлүк банк менен биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.
Нурлан Алдамжаров,
Суу ресурстары жана ирригация биринчи вице-министри:
- Эл аралык
келишимдерге катышуу Казакстандын суу ресурстарын туруктуу жана сарамжалдуу
пайдалануу, суу экосистемаларын пайдалануу принциптерине коңшу мамлекеттер
менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө бекем умтулуусун көрсөтөт. Казакстан
Хельсинки Конвенциясын ишке ашыруу алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык
экономикалык комиссиясы менен активдүү өз ара аракеттенет жана Конвенция
бюросунун мүчөсү болуп саналат. Бул Казакстандын трансчегаралык кызматташтыкты
калыптандырууда жана чечимдерди кабыл алууда алдыңкы ролун ачык көрсөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

