Өкмөттө электр энергетикасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Өкмөттө электр энергетикасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өткөн электр энергетикасын өнүктүрүү боюнча кеңешмеде Өкмөттө инфраструктураны модернизациялоо жана жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпи талкууланды. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы электр энергиясын өндүрүү 123 млрд кВт/сааттан ашкан. Генерациянын негизин көмүр станциялары түзөт – алардын жарымынан көбү, бирок газ станцияларынын үлүшү да өсүүдө – алардын төрттөн бирине жакыны, ал эми кайра жаныма энергия булагы – 13 жарым пайыздан ашык. Азыр Казакстанда масштабдуу инвестициялык планды практика жүзүндө ишке ашыруу башталды. Көлөмү 13 трлн теңгеге жакын болгон 15 ГВттан ашык жалпы кубаттуулуктагы 81 долбоор иштеп жатат. Экибастуз ГРЭС-3, Курчатовдогу жаңы станция жана Көкшетау, Семей, Өскемен шаарларындагы ЖЭБди камтыган стратегиялык объектилерди ишке ашыруу башталды. Жакынкы үч жылда маневрлүү генерацияга басым жасалат – ал Бирдиктүү энергетикалык системанын ийкемдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Келерки жылы Казакстан энергия тартыш өлкө болуудан калат, ал эми 2029-жылга карата электр энергиясынын туруктуу профицити күтүлүүдө. Бул өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков