Казакстан Президенти Астананы өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Казакстан Президенти Астананы өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Казакстандын Президенти Астананы өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев борбор шаар динамикалуу чечимдердин жана жогорку өсүү темпинин шаары экенин белгиледи. Инвестиция, курулуш, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү сыяктуу тармактарда алдыңкы орундар белгиленди. Болжолдоолор боюнча, Астананын экономикасы 2025-жылы 30 миллиард доллардан ашышы мүмкүн. Муну менен токтоп калууга болбойт. Борбор шаар башка аймактар үчүн үлгү болушу керек. Астана акыркы убакта абдан өзгөрдү жана анын кооздугун бардык коноктор, анын ичинде КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин да белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Oxford Economics 2025 индекси эмне дейт. Бул изилдөө дүйнө жүзүндөгү эң ири 1000 шаарды камтып, аларды беш категория боюнча баалайт: экономика, адам капиталы, жашоо сапаты, айлана-чөйрө жана башкаруу. Астана Азияда 36-орунду жана дүйнөдө 276-орунду ээлеп, биздин аймакта жайгашкан белгилүү шаарларды ишенимдүү түрдө алдыга озуп чыкты. Бирок тынчтануугаа болбойт, анткени биздин дараметибиз чоң. Биз дайыма алдыга жылышыбыз керек.

Мамлекет башчысы жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Астанада Smart City долбоору ишке киргизилди. Жакында видеокамералардын да, шаардык кызматтардын да ишин координациялай турган Ыкчам башкаруу борбору иштей баштайт. Платформанын иштеши үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу борбору да курулууда. Санариптик инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрү укук коргоо органдары тарабынан коомдук коопсуздукту сактоо үчүн колдонулат. Президент өлкөнүн бардык шаарларында ушундай платформалар киргизилиши керектигин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Транспорттук-логистикалык инфраструктураны андан ары өнүктүрүү маанилүү. Шаардык чөйрө сапаттуу жана ыңгайлуу инфраструктура менен камсыздалышы керек. Быйыл Астананын транспорттук системасын 2035-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү программасы кабыл алынды. Жүргүнчүлөрдү ташуунун жалпы көлөмүндө коомдук транспорттун үлүшүн көбөйтүү зарыл. Жеңил рельстүү транспорт ЛРТ долбоору өтө маанилүү. Жакынкы арада аны толук ишке киргизүү керек. ЛРТ тармагын кеңейтүү боюнча мындан аркы пландарды колдойм. Бул, албетте, жолдордогу тыгындарды азайтууга мүмкүндүк берет. Өкмөт биринчи кезекте каржылоо маселесин чечиши керек.

Астананын транспорттук-транзиттик потенциалын жогорулатуу үчүн жаңы аэропорт куруу мүмкүнчүлүгүн да карап чыгуу зарыл, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Өкмөткө акимчилик менен биргеликте маселени изилдеп, конкреттүү сунуштарды киргизүү тапшырылды. Ошол эле учурда шаардык тармактарга – суу менен камсыздоого, тазалоочу курулмаларга, коммуникацияларга да жүк көбөйүүдө. Мамлекет башчысы белгилегендей, мерчемделген мөөнөттө төртүнчү ичүүчү суу станциясын куруу зарыл. Ошондой эле жаңы подстанциялардын курулушун тездетүү керек. Борбор калаада жаңы бейтапканалар жана мектептер да пайда болот. Мындан тышкары, Президент Астананын тегерегинде, өлкөнүн башка ири мегаполистериндей эле, экопарктарды түзүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков