Казакстан жер казынасын пайдаланууну санариптештирүү жана
инвестициялык тартымдуулугун күчөтүүдө. Сенат Мамлекет башчысынын тапшырмасы
боюнча иштелип чыккан «Жер казынасы жана жер казынасын пайдалануу жөнүндө» Кодекске
киргизилген түзөтүүлөрдү эки окууда кабыл алды. Депутаттардын айтымында, мыйзам
жер казынасын пайдалануу укуктарын берүүнүн жаңы эрежелерин киргизет. Мисалы,
электрондук аукциондорду колдонуу кеңейтилип, алардын катышуучуларынын
жоопкерчилиги күчөтүлөт. Ал эми стратегиялык инвесторлор үчүн катуу пайдалуу
кендерди чалгындоо жана казып алууга артыкчылыктуу укук аукционсуз бекитилет.
Мындан тышкары, пайдалуу кендерди казып алууда жумуштарда жана кызмат
көрсөтүүлөрдө ички нарктын үлүшү 70% чейин көбөйтүлүп, чийки затты кайра
иштетүү боюнча долбоорлор үчүн преференциялар кеңейтилип, мыйзам бузуулар үчүн
жоопкерчилик күчөтүлөт. Реформанын негизги
элементи болуп жер казынасын пайдалануунун бирдиктүү санариптик платформасы
саналат. Ал тармактын негизги инфраструктурасы катары бекитилип, жер казынасына
жетүүнү автоматташтырат, геологиялык маалыматтарды бириктирет жана
отун-энергетикалык комплексти башкаруунун мамлекеттик системасы менен
интеграцияланат. Платформанын оператору болуп Улуттук геологиялык кызмат
аныкталды.
Сагындык Лукпанов, Парламент
Сенатынын депутаты:
- Улуттук
геологиялык кызматтын геологиялык маалыматты башкаруу боюнча оператор катары
макамы мыйзамдуу түрдө бекитилет. Улуттук оператор ар кандай структуралардын
ортосунда маалыматтардын кайталанышын жана бөлүнүшүн жокко чыгарып, мамлекеттик
жер казынанын абалын изилдөө боюнча мамлекеттик функцияларды аткарууга
борборлоштурулган жана бирдиктүү мамилени камсыздайт. Геология комитетине
караштуу бул уюм менчиктештирилбейт.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

