Казакстан киберкоопсуздук рейтингинде алдыга чыкты

Казакстан киберкоопсуздук рейтингинде алдыга чыкты

Казакстан глобалдык киберкоопсуздук индексинде Tier2 тобунда 3-орунду ээледи. БУУнун Эл аралык электр байланыш биримдиги дүйнө өлкөлөрүнүн киберкоопсуздук рейтингин 5 топко бөлүп кароодо. Анын деңгээли 83 көрсөткүч менен аныкталат. Казакстан мүмкүн болгон 100 упайдан 94үн жыйнаган. Ошентип Казакстан Израиль, Канада, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн ашып өттү. Буга «Киберкалкан-2» программасы, 220дан ашык мамлекеттик маалымат базасын жасалма интеллектин жардамы менен маалыматты коргоо платформасына интеграциялоо, eGov системасында каржылык коопсуздукту сактоо чаралары таасир эткен.

Досжан Мусалиев, Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү вице-министри:

- Tier1 деген бул абдан өнүккөн өлкөлөр. Биздин Казакстан Tier2ге кирет. Биз 3-орундабыз. Бул абдан жогорку деңгээл. Кийинки рейтинг 2026-жылы каралат. Биздин оюбузча, Tier1ге кирүү мүмкүнчүлүгүбүз абдан жогору.

Которгон: Илгиз Жамалбеков