Геологиялык
чалгындоо, газды кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү, инфраструктураны кеңейтүү. Газ
тармагында ишке ашырылган негизги долбоорлор жана артыкчылыктуу багыттар
жөнүндө QazaqGaz улуттук компаниясынын төрагасы Мамлекет башчысына маалымат
берди. Алибек Жамауов ресурстук базаны өнүктүрүү үчүн Амангелди тобунун
курамындагы «Бархан» кени ишке киргизилгенин айтты, ал эми Жамбыл облусундагы
«Малдыбай» кенинде иш жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, газды керектөө көлөмүнүн
өсүшүн эске алуу менен, газ инфраструктурасын кеңейтүүгө, анын ичинде Астана
шаары менен агломерациясын көгүлтүр отун менен камсыздоого артыкчылык берилет.
Былтыр табигый газга 400 миңге жакын тургун кошулган. Талдыкорган – Үшарал газ
куурунун ишке кириши өткөн жылдын эң көрүнүктүү окуяларынын бири болуп калды.
Бул иш белгиленген мөөнөттөн бир жарым жылга жакын эрте аяктады. Мындан
тышкары, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде «Бейнеу –
Бозой – Шымкент» магистралдык газ куурунун экинчи тилкесин тартуу, Кашаганда
жылына 1 миллиард куб метр газды кайра иштетүүчү завод куруу тууралуу
баяндалды. QazaqGaz төрагасы санариптик чечимдерди киргизүү тууралуу маалымат
берди. Aqyl Energy демилгесинин алкагында жасалма интеллектти колдонуу менен
газ куурун эсепке алуу жана башкаруу процессин санариптештирүү иштери
жүргүзүлдү.
Алибек Жамауов,
«Qazaqgaz» УК» АК башкарма төрагасы:
- Биздин башкы
максат - элди газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Буга байланыштуу биз бардык
милдеттерди аткарып жатабыз. Саралжын участкасында жер казынасын пайдалануу
боюнча документке, Каменковский участкасын биргелешип изилдөө тууралуу
келишимге, Северный-1 участкасында биргелешип иш жүргүзүү тууралуу келишимге
кол коюлду. Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы газ тармагын өнүктүрүү боюнча
бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

