Казакстан Иран элине көңүл айтты

Казакстан Иран элине көңүл айтты

Казакстан Иран элине, анын ичинде тынч жашоочулардын, балдардын жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу Республиканын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ерлан Жетыбаевдин жарыяланган билдирүүсүндө айтылат. Анда Иранга каршы согушка катышпаган, Казакстан достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүп жаткан араб мамлекеттеринин жарандык объектилерине жасалган соккуларга байланыштуу өкүнүч билдирилет. Ошондой эле билдирүүдө Казакстандын эл аралык талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын нормаларын так сактоо менен саясий-дипломатиялык жолдор менен гана жөнгө салуу зарылдыгы жөнүндөгү принципиалдуу позициясынын өзгөрүүсүздүгү дагы бир жолу белгиленет. Өлкө ошондой эле аймактагы зомбулуктун андан ары күчөшүнө жол бербөө максатында бардык катышкан тараптарды максималдуу түрдө карманууга жана жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков