Казакстан дүйнөнүн эң мыкты 50 экономикасынын катарына кирди

Казакстан дүйнөнүн эң мыкты 50 экономикасынын катарына кирди

Казакстан дүйнөнүн эң ири 50 экономикасынын катарына реалдуу ИДӨнүн орточо жылдык өсүү темпинин жогору болушунун аркасында кирди. Бул тууралуу Visual Capitalist порталы жарыялаган Эл аралык валюта фондунун маалыматтары күбөлөндүрөт. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДӨсү 300 миллиард доллардан ашты. Казакстан Борбор Азиядагы бул абройлуу рейтингге кирген жалгыз республика. Республика - Кытай, Индия, Вьетнам жана Бангладеш менен катар - реалдуу ИДӨнүн орточо жылдык өсүү темпи боюнча алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын экономикасынын өсүшү 6%дан ашты. Белгилей кетсек, АКШ талашсыз дүйнөлүк экономикалык алп бойдон калууда жана алар бул лидерликти көп жылдар бою сактап калат деп күтүлүүдө. Эң ири беш экономиканын катарына Кытай, Германия, Жапония жана Индия да кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков