Элдик кеңеш – коом жана бийликтин жаңы диалог аянтчасы

Элдик кеңеш – коом жана бийликтин жаңы диалог аянтчасы

Элдик кеңеш – коом менен бийликтин жаңы диалог кура турган аянтчасы. Бул орган мурдагы Казакстан элинин Ассамблеясы жана Улуттук курултайдын тажрыйбасына таянат. Бирок, анын компетенциясы кеңейтилген. Башкача айтканда, ал мыйзамдарды сунуштоого, референдум демилгесин көтөрүүгө жана ички саясий маселелер боюнча сунуштарды берүүгө укуктуу. Алматыда жаңы Конституциянын долбоорун талкуулоого чогулган адистер дал ушуну белгилешти. Серепчилердин пикиринде, Элдик кеңеш жөнүндө бөлүм коомдогу биримдик менен өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө багытталган.

Асел Назарбетова, Президент алдындагы Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун Алматы шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы:

– Азыркы учурда коомду жаңыртууну, өзгөртүүнү талап кылган тышкы жагдайлар бар. Ошол эле учурда, Элдик кеңештин алкагында топтоштурулуп, системалаштырылышы керек болгон коомдук суроо-талаптар да жетиштүү. Бул парламенттен жана курултайдан айырмаланган, коомдогу өзгөрүүлөргө ыкчам кайра байланыш бере ала турган институт болот. Келип чыккан актуалдуу суроолорго тез арада реакция кылып, тиешелүү мамлекеттик органдарга демилге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков