Эл аралык байкоочулар Казакстандын жаңы Конституциясы боюнча референдумдун жүрүшүн жогору баалашты. Алар, аймактарда жарандардын добуш берүүсү үчүн шарттарды түзүүдөгү уюштуруу жана техникалык даярдыктын жогорку деңгээлин белгилешти. Серепчилердин айтымында, бул жерде жаңы технологиялык чечимдерди киргизүү жана аудиторияны Конституциянын долбоорундагы жаңылыктар тууралуу маалымдоо боюнча масштабдуу иштер байкалууда. Байкоочулар казакстандыктардын добуш берүүгө активдүү катышканын да белгилешти.
Рамиль Гасан, ТҮРКПАнын башкы катчысы:
- Биздин эл аралык миссиябыз референдумга добуш берүү процессин Астанада гана эмес, ошол эле учурда Алматы жана Түркестанда да байкап жатат. Бул үч аймакта биз 43кө жакын добуш берүү пунктуна барууга жетиштик. Эл аралык укуктарды же казак мыйзамдарына ылайык келген ички шайлоо системаларынын стандарттарын бузуулар байкалган жок.
Мутаз Альхиясат, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмесинин Эл аралык байкоочусу:
- Мен бардык процедуралар толук ачык-айкындуулук шартында сакталганын, адамдар өз эрки менен тандоосун билдирип, эч кандай кийлигишүүсүз жана эч кандай окуяларсыз добуш бере алышканын белгиледим. Андан тышкары, алар чоң шыктануу менен өздөрүнүн добуш берүү укугунан пайдаланууга кубанычта болушту. Бул Казакстан элинин олуттуу маанайын жана анын алдыга жылууга болгон умтулуусун чагылдырат деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

