34 жыл: Казакстанда Эгемендик күнү белгиленди

34 жыл: Казакстанда Эгемендик күнү белгиленди

Казакстан Эгемендик күнүн белгиледи. Мындан 34 жыл мурун – бештин айынын 16да республиканын мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы кабыл алынган. Түркия, АКШ, Кытай, Улуу Британия, Франция жана башка мамлекеттер эгемендүү Казакстанды биринчилерден болуп тааныган. Ал эми бир нече айдан кийин Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү болгон. Эгемендүүлүк жылдарында өлкө эл аралык мамилелерде жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү өнөктөш катары таанылды. Казакстан  глобалдык чакырыктарды талкуулоо үчүн бир нече жолу талкуу аянтын камсыздап келген. Көз карандысыз жылдарда Казакстандын экономикасы 11 эсеге өстү. Экономикалык изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча, тышкы соода жүгүртүү, ИДӨ жана инвестициялардын көлөмү көбөйдү.

Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын элчилери казакстандыктарды Эгемендик күнү менен куттукташты

Казакстандыктарды Эгемендик күнү менен дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү да куттукташты. Франциянын элчиси Сильван Гиоге бул майрамды өлкө үчүн эгемендүүлүктүн жана суверендүүлүктүн маанисин эске салган тарыхый маанилүү окуя деп атады. Улуу Британиянын элчиси Салли Аксуорси да өлкөнүн жарандарын куттуктады.

Салли Аксуорси, Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Казакстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Бүгүн мен дагы бир жолу Казакстандын Эгемендик күнүн чогуу белгилөө үчүн келдим. Келгиле, чогуу жаңы ийгиликтерге жетишели.

Казакстандыктарды Нидерландынын элчиси Нико Схермерс дагы куттуктады. Ал өлкөлөр тынчтык жана адилеттүүлүк үчүн экенин, ошондой эле аларда чоң дарамет бар экенин баса белгиледи. АКШнын дипломатиялык миссиясынын башчысы Джули Стаффт Америка Кошмо Штаттарынын Казакстандын Борбордук Азиянын келечегин калыптандыруудагы ролун жогору баалай турганын белгиледи. Казакстан АКШ үчүн маанилүү экономикалык өнөктөш, өзгөчө энергетика тармагында жана Америка Кошмо Штаттары эки тараптуу инвестицияларды, соода мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар.

Джули Стаффт, АКШнын Казакстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Урматтуу достор, казак элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктоо мен үчүн чоң сыймык. Эгемендикке ээ болгондон бери Казакстан жетишкендиктери менен шыктандырып келет. C5+1 саммитинин жүрүшүндө Казакстан АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү башка өнөктөштөрү менен экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө жалпы көз карашын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков