Казакстан Президентинин Улуттук
курултайда айтылган демилгелери чет элдик ЖМКнын кызыгуусун жаратып, басма
сөздөгү талкуулоо уланууда. Эл аралык басылмалар сунушталып жаткан
конституциялык өзгөрүүлөрдүн системалуу мүнөзүнө жана алардын өлкөнү андан ары
саясий жаңылоодогу ролуна көңүл бурушат. Мисалы, молдовалык Infotag маалымат
агенттиги Касым-Жомарт Токаев бийлик түзүмүндө өзгөрүүлөр жана мамлекеттик
башкаруунун институционалдык моделин жаңырта турган конституциялык демилгелерди
сунуштаганын билдирет.
Өз кезегинде, Daryo.uz өзбек
басылмасы жаңы кызмат - Казакстан Республикасынын вице-президентин киргизүү
тууралуу сунушка көңүл бурат. ЖМК кабарлагандай, бул демилге Конституцияда
жазылып, буга чейин жасалган саясий өзгөрүүлөрдүн ырааттуу уландысы катары каралат.
Вице-президентти Мамлекет башчысы Парламенттин макулдугу менен дайындайт, ал
эми анын иш чөйрөсүн Президент өзү аныктайт. Чет элдик басылмаларда сунушталган
өзгөрүүлөр мамлекеттик башкаруу механизмин оптималдаштырууга жана саясий
мураскорлуктун туруктуу моделин калыптандырууга багытталганы айтылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

