Астанада Дүйнөлүк WPC Energy конгресси өтөт

Астанада Дүйнөлүк WPC Energy конгресси өтөт

2028-жылы Астанада Бүткүл дүйнөлүк WPC Energy конгресси өтөт. Ага дүйнөлүк мунай өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн 96 пайызы мүчө. Kazenergy ассоциациясы кеңешинин 44-отурумунда эл аралык иш-чарага даярдыктын жүрүшү жана дүйнөлүк рынок тенденцияларына ылайык Казакстандын казылып алынуучу байлык корун натыйжалуу пландаштыруу талкууланды. Келерки жылдын чын куран айында Эр-Рияддагы WPC Energy конгрессинде көмүртек калдыгын азайтуу маселеси ортого салынса, Астанадагы конгрессте энергетиканы өнүктүрүүнүн жаңы багыты талкууланат. Дүйнөдө жасалма интеллектти колдонуу кеңири тарагандыктан эсептөө кубаттуулуктарына керектүү энергияга суроо-талап артып, мунай өндүрүү көлөмү жылына 100 млн баррелге жакындаган. Серепчилер суроо-талаптын артышы энергия булактарына байланыштуу глобалдык көз карашты кайра карап чыгуу зарылдыгын жаратканын айтышат.

Жамболат Сарсенов, Kazenergy ассоциациясынын төрагасынын орун басары:

- 2026-жылы Сауд Арабиясында өтөт. Андан кийин 2028-жылы Астанада өтчүдөй болуп жатат. Бул албетте өндүрүштүн эң чоң жолугушуусу. Илимпоздордун, практиктердин баары биригет. 100 министр катышат деп күтүлүүдө. Технология, аны бүгүн ойлобосок эртең калып калабыз. Ошондуктан, албетте катышып, көрүп изилдөө керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков