Казакстандагы Конституциялык
реформаларды эл аралык серепчилер кеңири талкуулап жатат. Өзгөрүүлөр
мамлекеттик институттарды күчөтүп, бийлик системасын тең салмактуу кылат. Мындай
пикирин Түштүк-Чыгыш Норвегия университетинин профессору билдирди. Гленн
Холленин айтымында, вице-президент кызматын киргизүү, бийликтин башка
бутактарын күчөтүү – мунун баары туруктуулукту жогорулатып, эл аралык ишенимди
бекемдейт. Ошол эле учурда, талдоочу башкы маселе реформалардын кагаз жүзүндө
эмес, чыныгы жашоодо ишке ашуусунда экенин белгилейт.
Гленн Агунг
Холле, Түштүк-Чыгыш Норвегия университетинин профессору:
- Менин оюмча,
жаңы Конституция бийликтин жаңы архитектурасын түзөт, институттарды бекемдейт
жана алардын отчёттуулугун жогорулатат. Анын максаты – Казакстанды өлкөнүн
ичинде да, эл аралык мамилелерде да туруктуу жана ишенимдүү кылуу. Эгерде
туруктуулук болсо, дүйнө Казакстанды инвестициялар үчүн да ишенимдүү өнөктөш
катары кабыл ала берет.
Грузиянын Тышкы иштер
министринин мурдагы орун басары Давид Апциаури да өз пикири менен бөлүштү. Ал
азыркы дүйнө жаңы чакырыктарга толгонун, ал эми конституциялык реформа
тобокелдиктерди азайтуунун негизги куралы катары караларын айтат. Серепчинин айтымында,
жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу институционалдык жаңыланууга өбөлгө түзөт, өлкөнүн
эл аралык кадыр-баркын – орто держава жана Евразия мейкиндигиндеги лидерлердин
бири катары бекемдейт. Мындан тышкары, жаңы Конституция ички туруктуулукка да
таасирин тийгизет. Бул эки фактор тыгыз байланышта.
Давид Апциаури, Грузия
ТИМнин мурдагы вице-министри, профессор:
- Конституциялык
реформаны өткөрүү жөнүндө чечим өтө маанилүү жана өз убагында кабыл алынды. Алдын
ала болжолдоого мүмкүн болбогон дүйнөдө ички туруктуулук фундаменталдык мааниге
ээ болууда. Туруктуулук өтө маанилүү жана аны конкреттүү чаралар менен камсыз
кылуу зарыл. Бул чечим өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берүү менен
бирге улуттук өнүгүү үчүн тартымдуу ички жана тышкы чөйрөнү түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

