Казакстан
суу ресурстарын санариптештирүү жана жаңы технологияларды киргизүү боюнча
Европа өлкөлөрүнөн эки эсе ылдам иштеп жатат. Республиканын бул тармактагы ишин
чет элдик серепчилер жогору
баалашты. БУУнун Өнүктүрүү программасынын суу ресурстарын башкаруу боюнча эл
аралык кеңешчиси Хьюберт Лордун айтымында, тармактын бардык структураларынын өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле тармакта
инновациялар үчүн тартымдуу
шарттарды түзүү жогору баалоого татыктуу. Бүгүнкү күндө өлкөдө Суу
ресурстарынын улуттук маалыматтык системасы иштелип чыгууда. Ошондой эле сугат
сууну берүү боюнча электрондук келишимдерди түзүү системасынын пилоттук
сыноолору жүргүзүлүп, дарыя агымын моделдөө жана болжолдоо системаларынын
камтуусу кеңейүүдө.
Хьюберт
Лор, БУУнун Өнүктүрүү
программасынын суу ресурстарын башкаруу боюнча эл аралык кеңешчиси:
- Эгер мен бул жерде көрүп
жаткан нерсени Европа менен салыштырсам, Европада бул процесстер эки эсе көп
убакытты алат. Мен казак тараптын суу ресурстарын башкарууга санариптик
технологияларды киргизүүгө канчалык деңгээлде түрткү болгонуна таң калдым жана
абдан таасирлендим. Бул
үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Суу ресурстары жана ирригация министрлиги, вице-министрлер жана
департаменттер бир багытта иштеп, өздөрүнө жалпы максаттарды коюшат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

