Президент Алматынын акимин кабыл алды

Президент Алматынын акимин кабыл алды

Казакстандын Президенти Алматы шаарынын акимин кабыл алды. Касым-Жомарт Токаевге мегаполистин бир нече борборун өнүктүрүүгө багытталган жаңы стратегиялык демилгелер тааныштырылды. Дархан Сатыбалдынын айтымында, концепциянын алкагында заманбап IT-инфраструктура, көп функционалдуу ишкердик комплекстер, ошондой эле тургундардын эс алуусу үчүн көрктөндүрүлгөн рекреациялык аймактар түзүлөт. Ошондой эле, шаардын заманбап транспорттук системасы калыптандырылууда. Мамлекет башчысы Алматы тоо кластеринин долбоорун даярдоо жөнүндөгү отчётту укту. Жолугушуунун соңунда Президент шаардын экономикасын андан ары диверсификациялоо, тургундардын жашоо деңгээлин арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков