Астанада GCIP эл аралык программасынын алкагында тандалып
алынган жылдын эң мыкты 10 «жашыл» долбоору тааныштырылды. Сынактын улуттук
этабынын финалына энергияны үнөмдөө, таза энергетика, сууну пайдалануу,
экологиялык таза материалдар жана көмүртек изин азайткан санариптик
технологиялар жаатындагы чечимдер кирди. Эл аралык жашыл технологиялар
борборунун башчысынын айтымында, мындай демилгелер экологиялык таза чечимдердин
жаңы рыногун түзөт жана Казакстан дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү
инновацияларды сунуштай аларын көрсөтөт.
Сакен Калкаманов,
«Жашыл технологиялар боюнча эл аралык борбору» КЕАК башкармалыгынын
төрагасы:
- Глобалдык инновациялык программа 16 өлкөдө ишке ашырылат жана жыл сайын
16 өлкөнүн жеңүүчүлөрү чогула турган эл аралык стартаптар сынагы өтөт. Казакстандын 2024-жылдагы алдыңкы долбоору
быйыл Стамбулда өткөн жарышта биринчи орунду ээледи. Ал эми бүгүнкү сынактын
жеңүүчүсү кийинки жылы Венада өтө турган эл аралык жарышта багын сынайт.
Серепчилер белгилегендей,
көңүл борборунда жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды өнөр жайга,
агрардык тармакка интеграциялоо турат. Мисалы, аянтчада жаңы муундагы
мини-электр тракторун сунуштаган казакстандык AiTOQ стартабы көңүлдү бурду.
Экологиялык таасирди азайтууга багытталган долбоор GCIP жарым жылдык эл аралык
акселераторунан өттү, анда команда конструкцияны өнөр жай деңгээлине чейин
өркүндөткөн.
Алибек Ибраим, ITOQ стартабынын негиздөөчүсү:
- Биздин трактордун бир нече өзгөчөлүгү бар.
Биринчиси, ал толугу менен электрдик. Экинчиси, бул жерде оңой алмашуучу батарея
орнотулган, ал 100 чакырым жүрөт жана 4 саат тынымсыз иштейт. Ал эми жасалма
интеллектке келсек, бизде өзүнчө модулдар бар, башкача айтканда, сиз базалык
комплектациядагы бир тракторду сатып аласыз жана ага кошумча лидарды орното
аласыз. Анын жардамы менен техника талаада жарым-жартылай же толугу менен
офлайн режимде иш аткара алат. Башкача айтканда, адамга бүт талааны айдоо
кажеттүүлүгү жок, ал трактордун туура иштөөсүнө көз салып, техниканы убактылуу
токтотуп, андан чыгып, тракторду ары карай айдоочусуз иштете алат. Кийин
трактор тиешелүү аймак толугу менен айдалганга чейин тынымсыз иштей берет.
10 стартап грант үчүн эле эмес, Европанын эл аралык аянтында өз технологияларын көрсөтүү, инвесторлорду жана жаңы сатуу рынокторун табуу мүмкүнчүлүгү үчүн да күрөшүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

