Референдум жаштар
арасында жогорку активдүүлүк менен өттү. Байкоочулардын баамында, бул өз пикирин
билдирүүгө, демократияны бекемдөөгө жасалган аң-сезимдүү кадам. Ошондой эле
жаштардын коомдук процесстерге катышууга болгон умтулуусун тастыктап, өлкөнүн
келечегине жоопкерчиликтүү мамиленин пайда болгонун көрсөтөт.
Олег Копылов, ШКУ байкоочулар миссиясынын башчысы, ШКУ башкы катчысынын орун
басары:
– Жаш муундун
референдумга болгон кызыгуусун көрдүк. Бул жаштардын активдүү жарандык
позициясы бар экенин, алар үчүн өлкөнүн Баш мыйзамы кандай болорун билүү
маанилүү дегенди билдирет.
Дмитрий Кобицкий, КМШ
Парламенттик Ассамблеясынын башкы катчысы:
– Жаштардын активдүүлүгү абдан жогору. Биринчиден, биз бардык шайлоо участкаларында жергиликтүү байкоочулардын көп экенин көрдүк, бул коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн 90 пайыздан ашыгын жаштар түздү.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

