Өкмөт «Казакстан балдары» аттуу бирдиктүү концепция кабыл
алды. Ал өсүп келе жаткан муундун укуктарын жана кызыкчылыктарын системалуу
коргоого багытталган. Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча
иштелип чыккан программа билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук, социалдык
камсыздоо жана балдардын үй-бүлөлүк бакубатчылык чөйрөсүн камтыган конкреттүү
чаралардын планын камтыйт. Ошондой эле, документте жашы жете элек жарандардын
укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик-укуктук базаны мындан ары ишке ашыруу жана
актуалдаштыруу каралган. Мамлекеттик катчы Ерлан Карин социалдык тармактагы
баракчасында белгилегендей, «Казакстан балдары» программасы балдардын укуктарын
коргоо жана өсүп келе жаткан муундун бакубатчылыгын камсыз кылуу жаатындагы
мамлекеттик саясаттын негизи болуп саналган комплекстүү жана узак мөөнөттүү
документ болуп саналат. Бул маселелер ар дайым Мамлекет башчысынын көңүл
чордонунда болуп, артыкчылыктуу маселелердин бири катары саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

